2023-жылдын 9-октябрында математика жана информатика факультетинин 1-курс студенттери Исхак Раззаковдун үй-музейине барып, кызыктуу жана баалуу маалыматтар менен таанышып келишти. Экскурсия студенттик кеңештин төрагасы, 3-курстун студенти Бектур Жолдубаевдин демилгеси менен уюштурулуп, кыргыз элинин өнүгүүсүнө өз салымын кошкон инсандардын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү.

Студенттер музей кызматкеринин баяндамасынан улуу инсандын кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө кошкон салымы, күжүрмөн эмгекчилдиги тууралуу кеңири маалыматка ээ болуп, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Алар И.Раззаковдун Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы болуп иштегенин, 1950-61-жылдары Кыргызстандын өнөр жай курулушу, ирригация, энергетика, айыл чарбасында жана социалдык маданий чөйрөсүндө чоң өзгөрүүлөр, өнүгүп-өсүү болгонун билип, анын өрнөктүү өмүр таржымалынан өздөрүнө чоң сабак алышты десек жаңылбайбыз.

Музейге жасалган сапардан кийин, ар бир студент келечекте өз элине, мамлекетине салым кошууну милдетим деп түшүнүп, анын жоопкерчилиги,  татаалдыгы, мээнети талыкпаган билим, зор эмгектин арты менен ишке ашарын баамдап, мекен жүгүн көтөргөн эр-азаматтардын катарын толуктайбыз деген ураан, сезим менен кайтышты.

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия иштери боюча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий