2023-жылдын 6-октябрь күнү 6-окуу имаратынын 5-дарсканасында физика жана электроника факультетинин Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү. Жыйынды студенттер кыргыз бийи менен окутуучуларды куттуктап ачышты. 

Андан кийин декан Самат Токтогонов факультеттин тарыхы, ийгиликтери жана  жетишкендиктери тууралуу кенен маалымат берип, жалпы жамаатка жана студенттерге ийгиликтерди каалады.

Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Айчүрөк Дөөлөталиеванын куттуктоо сөзүнөн кийин студенттер тарабынан уюштурулган чакан концерт коюлду.

(С) Айчүрөк Дөөлөталиева – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий