2023-жылдын 6-октябрында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун деканы Камчыбек уулу Мырзабек, психология кафедрасынын башчысы Жанна Ниязова жана доцент Гүлина Сыдыкова Кыргызстандын улуттук психологдор коому тарабынан уюштурулган жыйынга катышышты.
Аталган коомду психология илимдеринин доктору, профессор Шакеева Ч.А. жетектейт.
Чогулушка о.э. БГУнун психология факультетинин деканы, Кыргызстан социалдык ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Орозалиев Э.С., КБА вице-президенти Конурбаев Т.А., о.э. И.Арабаев атындагы КУУнун, ОшМУнун, КРБАнын, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, ЦААУнун психология кафедраларынын профессорлору, доценттери менен окутуучулары катышышты.
Жыйында психология илиминин билим жана илим тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрү талкууга алынып, коомдун иш планы бекитилди.
(С) Гүлина Сыдыкова – психология кафедрасынын доценти