2023-жылдын 6-октябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында тарых жана чөлкөм таануу институтунун жаштар комитети тарабынан 1-3-курстар арасында “Акыл ордо” интелектуалдык  таймашы өткөрүлдү.

Студенттерди терең билим алууга, атаандаштыкка, өз ара достукту бекемдөөгө багыттоо максатында өткөрүлгөн мелдеш үч турду камтыды:

1-тур: Тарых боюнча суроолор

2-тур: География, математика, кыргыз тили, тарых, “А” тамгасы, макал-лакаптар, спорт, күтүлбөгөн суроолор

3-тур: Логикалык суроолор.

Интелектуалдык оюн о.э. таланттуу студенттердин шаңдуу ыр, бийлери менен коштолду.

Акыл таймаш жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

1 орун: Муса кызы Гүлжахан – 3-курс

2 орун: Салморбеков Илгиз – 1-курс

Жеңүүчүлөр жана баардык катышуучулар уюштуруу комитети тарабынан белектер жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

(С) Айдар Шейшенов – Азия жана Африка өлкөлөрүнүң тарыхы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий