Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата 100 кабинет даярдоо долбоору ишке ашырылууда. Дал ушул долбоордун алкагында кесиптик колледж үчүнчү кабинети география жана туризм боюнча дарсканасын ачты. Кабинет толугу менен демөөрчүлөр тарабынан жасалгаланып даярдалган.
Дарскананы мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор ф.и.к. проф. Ишекеев Назаркул Ишекеевич ачып, жалпы кесиптик колледждин эмгек жамаатына ошондой география жана туризм дисциплиналарынын окутуучуларына терең ыраазычылык билдирди.
(С) А.Э.Каныбекова – өндүрүштүк практика жана методикалык иштер боюнча директордун орун басары







