2023-жылдын 6-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту тарабынан Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Жыйынга ректор Төлөбек Абдырахманов өзү катышып, институттун жалпы жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктады жана эмгеги менен таанылып келаткан мыкты окутуучуларды университеттин ардак грамоталары менен сыйлады.

Педагогдорго куттуктоо сөздөрүн о.э. илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев менен мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан да айтышты.

Окутуучулар жамаатын КУУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков да куттуктап, аталган уюмдун ардак грамоталарын тапшырды.

Майрамдык салтанатка ардактуу коноктор катары улуу устаттар, КУУнун табият таануу жана физиканы окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор, КР УИАнын корр.-мүчөсү, КР билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер Эсенбек Мамбетакунов, КУУнун жогорку мектептин педагогикасы кафедранын башчысы, п.и.д., профессор, КР билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер Нурбүбү Асипова чакырылды.

Майрамдык салтанаттын кульминациясы катары ПКМДИнин негизделишине жана калыптанышына зор салым кошкон 7 профессор-окутуучуларга институттун негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исамидинов Искендер Чонмурунович атындагы 5 миң сом өлчөмүндөгү стипендиянын тапшырылышы болду.

Институттун директору Рахат Сулайманованын айтымында, аталган сыйлык алгачкы ирет негизделип, мындан ары жыл сайын Мугалимдер күнүнө карата эмгеги менен таанылган мыкты педагогдорго тапшырылып турмакчы.

Майрамдык салтанат мугалимди даңазалаган жагымдуу концерттик программа менен коштолду.

Добавить комментарий