2025-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуевдин туулгандыгынын жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыктарына арналган “Ата Журттун Баатыр акыны” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияны кыргыз адабият кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор К.Абакиров ачып, сөздү ректордун атынан Жусуп Баласагын атындагы КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Н.Ишекеевге берди.
Конференция Кыргыз эл акыны С.Жусуев боюнча тартылган чакан видеофильм менен башталды. Андан соң куттуктоо сөзү менен С.Жусуевдин шакирти, замандашы Кыргыз эл акыны Төлөгөн Мамеев, коомдук ишмер, КР УИАнын академиги Абдыганы Эркебаев, филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева чыгып сүйлөштү. Андан соң Рухий дөөлөттөрдү жаратууга көмөктөш эл аралык “Руханият” ассоциациясы чыгарган Сооронбай Жусуевдин “Жүз ыр” аттуу жаңы китебинин бет ачары болуп, коомдук-маданий ишмер Лира Акунова баяндама жасап, бул китепке акындын жүз ыры киргендигин, бул ырларды акын өзү көзү тирүү кезинде даярдап койгондугун баса белгиледи.
С.Жусуевдин жаңы “Жүз ыр” китеби жана “БиблиоПульс” аттуу китепканачылардын коомдук фонду тарабынан атайын С.Жусуевге арнап чыгарылган илимий – маалыматтык журнал конференциянын конокторуна тартууланды.
Андан соң негизги баяндамачыларга сөз берилип, филология илимдеринин доктору, академик Осмонакун Ибраимов “С.Жусуевдин поэзиясындагы концептосфера” деген темадагы илимий докладында С.Жусуевдин чыгармачылыгын кеңири токтолуп, акындын кыргыз поэзиясындагы алган орду, акындык чеберчилигин ар тараптан ачып көрсөттү. Кыргыз эл акыны Бактыгүл Чотурова “Эпикалык поэзияда эрдик жараткан акын”, филология илимдеринин кандидаты, доцент Жумакадырова Карлыгач “Акын С.Жусуевдин поэзиясында согуш темасынын көркөм чагылдырылышы” деген темадагы баяндамаларын жасашты.
Түштөн кийин секциялык иштер уланып, анда философия илимдеринин доктору К.Сариева, филология илимдеринин докторлору К.Абакиров, А.Турдугулов, Б. Темирова, доценттер: Н.Сыдыков, М.Бокешова, С.Исаева, Г.Станалиева, Ж.Орозалиева, А.Жумашова, С.Сагидаева, Б.Баймырзаев, Б.Элебесова баяндама жасашып, сертификаттар тапшырылды. Конференциядагы докладдар өзүнүн накта илимий мүнөзү менен, б.а.,залкар акындын мурасын нукура адабий талдоочулук сапаты менен айырмаланды.
Конференцияга Кыргыз эл акындары, коомдук ишмерлер, акындын жердештери ж.б. катышты.
(С) Исаева Сайра – ф.и.к., доцент







