Кыргыз тилинин орфографиясы жана орфоэпиясы — мамлекеттик тилдин өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ болгон багыттардын бири. Бүгүнкү күндө тилдин коомдук турмуштагы ролу кеңейип, жаңы технологиялык жана маданий реалдуулуктарга байланыштуу сөздөрдүн, терминдердин колдонулушу көбөйүүдө. Бул маселелер тилдин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерине жаңыча көз карашты талап кылууда.

Ушул жагдайда 2025-жылдын 14-майында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында эрежелердин жаңы редакциясын даярдоо боюнча эксперттик топтун алгачкы жыйыны болуп өттү. Улуттук комиссиянын кеңешме органынын чечими менен орфография жана орфоэпия эрежелерин иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун курамына Б.М.Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору, академик Мусаев Сыртбай, ф.и.д., профессор Садыкова Сымбат, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессорлору Маразыков Турусбек, Жаманкулова Гүлжамал, Акынбекова Айман, Султаналиев Ишенбек жана ЖОЖдордун филология илимдеринин докторлору, лексикографтар, журналисттер, облустардагы лингвист адистер киргизилген.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерине тиешелүү актуалдуу маселелер жана көйгөйлөр кеңири талкууланып, келечекте кыргыз тилиндеги орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелерге оңдоп-түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аталган эрежелерге байланыштуу электрондук платформаларды түзүү жагы алдыга коюлду.  

(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор

Добавить комментарий