2025-жылдын 24-25-апрелинде Москва шаарында Эл аралык мамилелер институттун 30 жылдыгына арналган XXI Богомолов окуулары эл аралык жумалыгынын алкагында «Жаш изилдөөчүлөр: келечекке көз караш. Санариптик доордогу гипотезалар жана стандарттуу эмес чечимдер» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

2025-жылдын 25-апрелинде конференциянын катышуучулары “Билим берүүнүн жумшак күчү эл аралык мамилелерге мамлекеттин таасиринин инструменти катары” аттуу эл аралык кереге кеңеште эл аралык мамилелерди гармонизациялоого билим берүүнүн тийгизген таасири жөнүндө маселелерин талкуулашты.

Эл аралык кереге кеңеште А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун директору Керимкулова Меримкул Кадыровна “Кыргыз-Россиялык социалдык-экономикалык мамилелеринин реалиялары” деген доклад жасады.

Меримкүл Керимкулова өз баяндамасында Кыргыз Республикасынын акыркы 15 жылдагы экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн, ККАОнун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагындагы кыргыз-орус өнөктөштүгүнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, ошондой эле Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдыгынын алкагында биздин университеттин Россиянын ЖОЖдору менен илимий жана билим берүү кызматташтыгын белгиледи.

М.К.Керимкулованын презентациясы

(С) Сатылганова Э.Ш. – А.А.Асанова атындагы МБИнин директорунун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий