9-майда белгилене турган Улуу ата мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий китепкананын бардык окуу залдарында жана абонементтеринде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата «9 май Жеңиш күнү», «Эч ким, эч качан унутулбайт», «9 май – «Аталар жеңген улуу күн», «Улуу жеңиш унутулбайт» аттуу китеп-иллюстративдик көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөдө Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы, анын жүрүшү, жана жеңишке жетишкен баатырлар тууралуу көптөгөн китептер, газеталар, буклеттер сунушталды.
Көргөзмөдө окурмандарга согуштун ар кандай аспектилери, анын ичинде фронтто жана тылда болгон окуялар, согуштун социалдык-экономикалык таасирлери, ошондой эле кыргызстандык баатырлардын эрдиги тууралуу маалыматтар чагылдырылды.
Китеп көргөзмөсүнүн максаты – өлкөдө согуш ардагерлеринин катары жылдан-жылга кыскарууда. Ошол себептен аларды урматтап, жаш муундарга алардын эрдигин, баатырдыгын даңазалап, студенттерге бул жеңиштин маанилүүлүгүн жеткирип туруу зарыл. Жеңиш күнү – бул биздин биримдигибиздин, күч-кубаттын жана эрдиктин символу.
(С) Казначиева Үмүт – А.Табалдиев атындагы илимий китепкананын директору











