2025-жылдын  апрель айынын аягында математика жана информатика институтунун окутуучулары ф.-м.и.д., профессор, колдонмо математика жана информатика билим берүү программасын жетекчиси Гулай Кененбаева жана функционалдык анализ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент Джылдыс Акерова Синьзян субборборунун чакыруу катынын негизинде Кытай ШОС программасынын алкагында “Дерево ШОС” сандык технология багытында кадрларды даярдоо боюнча тренинг-семинарга катышып келишти.

Тренинг-семинардын программасы боюнча, дүйнөнүн төрт тарабынан келишкен илимпоздор иш-чаранын  жүрүшүндө санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн акыркы тенденциялары, аймактагы санариптик өнөр жайды  өнүктүрүүгө жаңы дем берүү жана практикалык көндүмдөрдү  өркүндөтүү, санариптик өнүгүү этаптары, маалыматык технологиялык өнүктүрүү, ALGG  доорундагы мультимодалдык билим инженериясы жана киберкоопсуздук жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КУУнун математика жана информатика институту менен Карамай кесиптик-техникалык институтунун (СУАР КЭЛ) ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында эки тараптуу студент жана мугалим алмашуусу, мындан ары илимий (илимий изилдөө, аспирантура, PHD докторантура) ишмердүүлүк жаатта меморандумга кол коюлду.

Бул меморандум кытай жана орус тилдеринде түзүлүп, эки текст тең бирдей юридикалык күчкө ээ.

Жыйындын жүрүшүндө профессор Гулай Кененбаева жана доцент Джылдыс Акерова “Мунай жана газ тармагында жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн учурдагы абалы” деген темадагы талкууга активдүү катышты.

Жыйындын соңунда, Кыргызстандын беш жогорку окуу жайынан барышкан делегаттардан түзүлгөн топтун жетекчиси профессор Гулай Мекишовна, семинардын уюштуруу комитетинин жылуу тосуп алып, коноктор үчүн бардык жагынан жогорку деңгээлде түзүлгөн шарттары үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматтык мамилелер мындан ары да өркүндөшүнө ишенерин билдирди.

Программанын акыркы күнүндө, активдүү катышкан делегаттарга эл аралык семинарды ийгиликтүү өздөштүргөндүгү үчүн “Дерево ШОС” санариптик технологиялар  чөйрөсүндө кадрларды даярдоо боюнча  сертификаттар тапшырылып, Синьзян-Уйгур автономиялуу районуна караштуу Карамай шаарына саякат уюштурулду.

Белгилеп кетчү нерсе, КУУнун математика жана информатика институту Жаңы Жибек Жолу кесиптик билим берүү санариптик көндүмдөрдүн союзуна мүчө болгон мекемелердин катарына кошулду.

(С) Бактияр Рахмакулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий