2025-жылдын 24–апрелинде Астана шаарындагы Л.Гумилев Евразия улуттук университетинде “Түрк элдеринин жазма эстеликтеринин ааламдык бейнеси” аттуу илимий -практикалык конференция болуп өттү.

Аталган конференцияга түркология жана котормо таануу бөлүмүнөн ага окутуучу Ф.Н.Курамаева катышты. Конференция Казакстандагы Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын Элчиликтеринин өкүлдөрүнүн куттук сөздөрү жана орток долбоорлор тууралуу баяндамалары менен башталды. Модератор иш-чарага 8 мамлекеттен 14 багытта илимпоздор катышып жаткандыгын белгилеп өттү. Ал эми пленардык жыйында  Түркий мамлекеттерден  окумуштуу-изилдөөчүлөр байыркы түрк жазма эстеликтерден баштап, азыркы түрк элдеринин тили, адабияты, тарыхы жана маданияты тууралуу кызыктуу билдирүүлөрүн ортого салышты.

Конференция салттуу жана онлайн форматта өтүп, ага окут. Ф.Курамаева “Огуз тилдериндеги жөндөмө парадигмасы” тууралуу баяндама жасады. Орток алфавит, орток тил багытында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди тездетүү жана жайылтууда концептуалдуу маселелердин катарында терминдердин илимий-теориялык жана колдонмо китептерде бирдиктүү кору болушу зарыл экендигин белгилеп, конференциянын ийгиликтүү аякташына тилектештигин билдирди.

Пленардык жыйында Казакстан,  Кыргызстан, Азербайжан, Түркия,  Россия Федерациясынын курамындагы Татарстан, Саха Республикасы жана Кабардин-Балкар Республикасынан окумуштуу-илимпоздор билдирүүлөрүн бөлүштү. Конференциянын модератору Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУнун Эл аралык байланыштар факультетинин деканы М.М. Косыбаев катышуучуларга терең ыаазычылыгын билдирип окуу, илимий жаатта кызматташууга, орток долбоорлорго катышууга чакырды.

(С) ф.и.к.,доц. Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий