2025-жылдын 15-апрелинде химия жана химиялык технология факультетинин 3-курс студенттери Токмок шаарындагы «Текстиль транс» өндүрүштүк ишканасына экскурсияга барып, ишкананын жумушу менен толук таанышып келишти.

«Текстиль транс» заказ боюнча трикотаж кездемелерди иштеп чыгарып, жергиликтүү калкты эле камсыз кылбай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Узбекистан сыяктуу мамлекеттер менен иштээрин билишти. Студенттерге кездемелерди бойоо цехи өзгөчө кызыктуу болду. Алар о.э. ишкананын химиялык лабораториясы менен таанышып, ал жерде кездемелердин сапатына өзгөчө көӊүл бурулаары, бардык чыгарылган продукция ЭКО белгиси астында кетээри, кездемелер экологиялык жактан таза пахтадан жасалаары менен таанышып, трикотаждын сапаты ISO 9001 Oeko-Tex Standart 100 дүйнөлүк стандартына жооп берээрин билишти.

Жыйынтыгында, жайкы практикага чыгууга мүмкүнчүлүк бар экенин айтышты. Экскурсия жогорку деңгээлде ѳттү.

(С) Осмонова С.С. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары, доцент

Добавить комментарий