2025-жылдын 23-апрелинде журналистика жана коммуникация институтунда медиа сабаттуулук жумалыгынын экинчи күнү белгиленди. Бул күндүн алкагында студенттер үчүн маалыматты сын көз менен кабыл алуу, фейк жаңылыктарды таануу жана медианын жоопкерчилиги темалары талкууланды.

Конференциянын расмий бөлүгү “Журналистика” программасынын жетекчиси Абдикеримова Жибек Токтобаевнанын куттуктоо сөзү менен башталды. Анын сөзүндө медиа сабаттуулук жаштар үчүн гана эмес, бүтүндөй коом үчүн да өтө маанилүү экендиги баса белгиленди.

Башкы баяндамачы катары “Чекит Медиа” басылмасынын башкы редактору Асель Сооронбаева чыгып, “Жалган маалыматты аңдай бил, медиа сабаттуу бол” деген темада кызыктуу жана практикалык мисалдар менен коштолгон баяндама жасады. Ал маалымат булактарын текшерүүнүн алгоритмдерин, фейк жаңылыктардын белгилерин айтып өттү.

Иш-чарага борбордогу №91 орто мектептин 9-10-11-класстын окуучулары катышты,  студенттердин аткаруусунда корей жана чыгыш бийлери тартууланып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.

Соңунда 3-курстун студенттери тарабынан даярдалган “Media Linker” аттуу интерактивдүү оюн өткөрүлүп, катышуучулар өз билимин текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Медиасабаттуулук жумалыгынын экинчи күнүнүн уландысы жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар тарабынан кызыгуу менен кабыл алынды.

(С) Ж.Желденбаева – “Журналистика” билим берүү программасынын окутуучусу

Добавить комментарий