2025-жылдын 21-апрелинде Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 26-июнда белгилене турган Эл аралык баңгизатка каршы күрөш күнүнө карата ачык лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын темасы: «Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү үчүн жоопкерчилик» болду.
Иш-чарага А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунун студенттери да активдүү катышып, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана анын коомго тийгизген кесепеттери тууралуу кенен маалымат алышты. Лекциянын жүрүшүндө аталган кызматтын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жаза чараларын түшүндүрүп, жаштарды сергек жашоого жана мыйзамдуулукту сактоого чакырышты.
Студенттер бул жолугушуудан терең таасир алып, өздөрүнүн жарандык позициясын билдирип, мындай иш-чаралардын жаштар арасында өтө маанилүү экенин белгилешти.
(С) Джаныш кызы Махабат – тарбия иштери боюнча директордун орун басары
