2023-жылдын 28-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти “Инсандык өнүгүү” студенттик клубу менен биргеликте “Кош келдиң ыктыярчы” аттуу кече өткөрдү.

Жыйында КУУнун студенттик өзүн-өзү башкаруу уюмунун төрагасы Күмүшбек Баатырбаев чыгып сүйлөп, баардык ыктыярчыларды окуу жайдын өнүгүүсү үчүн коомдук иш чараларга активдүү катышып, салымдарын кошууга чакырды.

Журналистика жана коммуникация институтунун студенти Нурсултан Нурланов менен кыргыз филологиясы факультетинин студенти Ырысбек уулу Тайлак ыктыярчылардын көңүлүн көтөрүп, ыр белек тартуулашты.  

(С) Буланбек кызы Асель – тарбия жана жатаканалар боюнча сектордун башчысы

Добавить комментарий