Кесиптик колледждин «Котормо иши» бөлүмүндө 2023-жылдын 28-сентябрында окутуучу Г.А.Жалилова студенттер үчүн «Жазма котормодогу кыйынчылыктар» аттуу семинар-тренинг өткөрдү.   

“Флоренс тревел” туристтик-котормо агенттигинин президенти Акбаян Ботбаеванын документтерди легалдаштыруу, апостиль темасына презентациясы жана студенттер арасында документтерди которууга байланышкан таймаш, «Котормо иши» бөлүмүнүн 3-курсунун ПД-4-21(9) группасынын студенти Торогельдиев Эдильдин расмий документтерди которуудагы кыйынчылыктар темасына презентациясын тартуулоо менен, 2023-жылдын май айында аталган компанияда өткөн практика учурундагы тажрыйбалары менен бөлүштү.

Семинарга кесиптик колледждин директорунун методика жана окуу практика боюнча орун басары Р.Отонбаева катышып, жогорку баасын берип, студенттерге ийгилик каалоо менен, аталган компания менен тыгыз байланыш мындан ары да өнүгүүсүнө тилектештигин билдирип өттү.

(С) Н.К.Куртубаева –  котормо иши бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий