2023-жылдын 29-сентябрь күнү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 1-курс студенттери Бишкек шаарындагы М.В.Фрунзенин үй-музейине барып, Кыргызстанда туулуп-өскөн легендарлуу аскер башчысынын басып өткөн жолу, кылган эмгектери менен таанышып келишти.
Аталган экскурсия М.В. Фрунзенин кылган эмгектерин эскерүү, окуу тарбиялык иштерди бекемдөө максатында уюштурулду.