2023-жылдын 30-сентябрында кыргыз филологиясы факультетинин 1-2-курс студенттери Карылар күнүнө карата “Үмүт” карылар үйүнө барышып, атайын даярдалган чакан концерттик программа тартуулашып, аз да болсо алардын майрамдык маанайларын көтөрүштү.
Студенттер өздөрү демилге көтөрүшүп, карылар үйүнө керектүү каражаттарды белек катары тапшырып келишти.
(С) А.Солтоноев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары