И.Ч Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенттери 2023 жылдын 1, 2-октябрь күндөрү «Камкордук» жеке пансионуна, «Хамида» карылар үйүнө барышып, ал жерде күн кечирип жаткан ата-апалардан кабар алышты.

Жолугушууда карыларга урмат-сый көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланып, чакан белектер тапшырылды.

Иш чаранын соңунда ата-апалар студенттерге алакан жайып, каалоо-тилектерин айтып, бата беришти.

Ата-энеси бар адам — эң бактылуу адам! Ата-энени көзү барда сыйлай билели!

(С) Максат Сейитказиев — директордун орун басары

Добавить комментарий