2023-жылдын 29-сентябрында кесиптик колледждин активдүү студенттери окуу жайдын жетекчилиги менен биргеликте “Хамида” мүмкүнчүлүгү чектелген карылар үйүнө барышып, чакан белектерин тапшырышты.

Иш чаранын жүрүшүндө кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбек карылар үйүнүн тургундарын 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнү менен кутуктап, студенттер концерттик программасын тартуулашты. Андан кийин алар карылар менен баарлашып отурушту.

Белгилей кетсек, “Хамида” карылар үйүндө 60тан ашуун кары адамдар жашайт.

(С) Касымбеков Туйгун – директордун орун басары

Добавить комментарий