2023-жылдын 29-сентябрь күнү А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөрүлгөн «Дүйнөлөшүү жана улуттук иденттүүлүк» аттуу кереге кеңеште Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты» китебинин бетачары болду.

Иш чарага илимий интеллигенциянын, “Кыргыз эл биримдиги”, “Кыргыз жолу” коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, акын, жазуучулар, ар кыл тармактагы адистер жана мекенчил жаштар катышты.

Жыйындын алып баруучулук милдетин социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Камчыбек уулу Мырзабек аткарды.

Кереге кеңешти Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев алгы сөзү менен ачып берди.

Жыйындын жүрүшүндө ар кыл ойлор, сунуштар айтылып, кызыктуу талкуу болду.

Кереге кеңешке профсоюз комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков,  социалдык-гуманитардык илимдер институтунун окутуучулары Союзбек кызы Гулгакы, Камилла Турдубаева, А.Табалдиев атындагы социо-маданий изилдөө борборунун директору Сагынай Караева катышып, омоктуу ойлорун ортого салышты.

(С) Союзбек кызы Г. – социалдык-гуманитардык илимдер институтунун философия, маданияттын тарыхы кафедрасынын окутуучусу

Добавить комментарий