2023-жылдын 29-сентябрында Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун мугалимдери менен ыктыярчылары, о.э. Кытай жардам борборунун кызматкерлери жетим балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына барып, аталган мектепке 1000 даана китеп, балдарга болсо 6 коробка банан, алма, мандарин белекке беришти.

Андан тышкары, Конфуций институтунун мугалимдери тарабынан балдарга мастер-класс өткөрүлүп, сүрөт тартуу, оригами, кытай маданияты тууралуу көргөзмө көрсөтүлдү. Мындай иш чаралар дагы да улантылат.

(С) Масалбек Сулайманов – Конфуций институтунун директору

Добавить комментарий