2023-жылдын 25-сентябрь күнү Урал мамлекеттик юридикалык университетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Д.С.Жериборов юридикалык институттун 4-курс студенттери менен жолугушуп, аларга “Эл аралык жарандык процесс жана сот өндүрүшүнүн альтернативдүү формалары” профили боюнча магистрдик программанын алкагындагы (3+1 семестр) академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктары жөнүндө айтып берди.

Юридикалык институттун директору Кынатбек Сманалиев Д.С.Жериборов мырзага ыраазычылык билдирип, юридикалык билим берүүнүн бардык аспектилери боюнча эки университеттин ортосундагы стратегиялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.

(С) Алишер Мадалинов – директордун орун басары

Добавить комментарий