2023-жылдын 22-сентябрь күнү кесиптик колледжде Мамлекеттик тил күнүнө карата студенттердин жана окутуучулардын катышуусунда «Тил келечеги – өлкө келечеги» аттуу маданий иш чара өткөрүлдү.

Майрамдык салтанатта коллеждин директору Каныбек уулу Ардакбек сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Салтанаттуу иш чара студенттер тарабынан уюштурулган концерттик программа менен уланып, Мекен жөнүндө ыр, көркөм окуу, күү чертүү жана манас айтуу менен коштолду.

Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов «Кылымдан кылым өтүп, кыргыз эли жер устундо жашап турса, кыргыз тили да жашай берет» деп айткандай, эне тилибиз нечендеген кылымдар бою жашап келген, жашап жатат жана жашай бермекчи!

Бар бол кыргыз элим! Бар бол эне тилим – кыргыз тилим!

Добавить комментарий