2023-жылдын 21-сентябрында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды даярдоо институтуна Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессорлору Кастер Саркыткан, Болатбек Батырхан жана магистрант Ерболат Елай  келишити. Конокторду институттун директору Рахат Сулайманова кабыл алды. Жолугушууда эки мамлекеттин окуу жайларынын, изилдөөчү окумуштууларынын арасында тыгыз илимий байланыштарды түзүү боюнча баарлашуу болду.

22-сентябрь күнү Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин профессору Кастер Саркыткан институттун 1-курс студенттерине конок лекция өттү. Студенттер сабакка активдүү катышып, аягында суроо-жооптор жүрүп, кызуу талкуу болду.

И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды даярдоо институту менен билим берүү тармагындагы алдыңкы окуу жайлар, окумуштуу-педагогдордун кызматташуусу мындан ары да уланат.

Добавить комментарий