2025-жылдын 1-мартында КФФтин түркология жана котормо таануу бөлүмү Кавказ университетинин түрк тилдери жана адабияты бөлүмү жана TURKSAN илимий платформасы биргелешип, “Эпос жана улуттук иденттүүлүк” аталышындагы эл аралык илимий симпозиум өткөрүштү. Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан жана Кытайлык илимпоздор катышты.
Иш-чара расмий ачылыш, пленардык отурум, секциялык талкуулар жана жабылыш бөлүмдөрү сыяктуу бөлүктөрдөн турду. Симпозиум үч секцияда, онлайн форматта өтүп, кыргыз, түрк, азербайжан, өзбек жана англис тилдеринде баяндамалар жасалды.
Расмий ачылышта Кавказ университетинин Түрк тилдери жана адабияты бөлүмүнүн башчысы, профессор Илкин Гулусой, TURKSAN илимий платформасынын жетекчиси, профессор Эллада Герайзаде, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Бурул Элебесова жана бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаевалар сөз сүйлөштү. Алар өз сөздөрүндө “Манас” эпосунун дүйнөлүк эпостордун арасынан алган орду, кыргыз улуттук иденттүүлүгүн калыптандыруудагы мааниси, Кыргызстандагы “Манас” изилдөө борборлору, “Манас таануу” сабагы, Манас театры, Манас руху, кыргыз ааламы, “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу боюнча жарлык тууралуу баяндап өтүштү. Ошондой эле бөлүмдүн окутуучулары өз кезегинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аталган Уңгужолду жайылтуу боюнча кошуп жаткан салымын белгилешти.
Пленардык отурумда “Манас” эпосуна арналган баяндамалар англис тилинде да окулду. Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн 2-курсунун магистранты Али Каракөй, илимий жетекчиси Бурул Элебесова менен биргеликте “Ç.Aytmatov’un ‘Beyaz Gemi’ adlı eserindeki erkek kahramanların incelenmesi” аттуу баяндамасын ортого салышты.
Бөлүмдүн демилгеси менен аталган иш-чарага тартылган Жалал-Абаддагы Эл аралык Кыргыз–түрк институтунун окутуучулары, магистрант жана студенттери катышышып, кыргыз элиеин “Манас” жана башка кичи эпостору тууралуу илимий изилдөөлөрү менен бөлүшүштү.
Жыйынтыгында симпозиумдун уюштуруучулары катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, эпостун улуттук иденттүүлүктү аныктоодогу маанилүү ордун белгилешти. Ошондой эле, “Манас” феноменин кеңири изилдөө үчүн келечектеги илимий иш-чаралардын кыргыз жергесинде, атап айтканда, Манас Ордодо өткөрүлүшү зарыл экендиги баса белгилешип, долбоор иштеп чыгуу зарылдыгына токтолушту.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент






