2023-жылдын 25-сентябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында мамлекетттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттери Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил улуттун күзгүсү» аттуу чакан иш чара өткөруштү.

Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Жылдыз Сүймонова жана факультеттин студкеңешинин мүчөлөрү тарабынан даярдалган жыйынга факультет деканы Кундузгүл Базакеева баштаган мугалимдер жамааты катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер эне тил жөнүндө обондуу ырларды аткарып, көркөм да окушту. Катышуучулар о.э. эне тилдин баалуулугу тууралуу студенттердин видеороликтерин көрүп, дубал газеталарын жактап беришти.

Жыйындын соңунда факультет деканы Кундузгүл Базакеева менен жЖаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Кадыр уулу Алмазбек сөз сүйлөшүп, ыраазычылыктарын билдиришти жана дубал газеталар сынагынын жеңүүчүлөрүнө грамоталарды тапшырышты.

(С) Жылдыз Сүймөнова тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий