2023-жылдын 25-сентябрында кыргыз филологиясы факультетинде “Мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде” адистигинин 5-курс студенттеринин мамлекеттик педагогикалык практикага чыгышына арналган конференция ɵткɵрүлдү.

Жыйынга факультет деканы Бактыбек Жайлообаев, карьера жана практика борборунун директору Замир Бакалбаев, декандын орун басарлары М.А.Жаңыбаева (окуу иштери боюнча), Н.Ш.Турдубаева (илимий иштер боюнча), филологиялык билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын башчысынын м.а. Б.К.Оторбаев, кафедранын доценттери З.Сарылбекова, А.Т.Жаманкулова, ага окутуучу Аскар к. Жылдыз, жогорку мектептин педагогикасы жана психология кафедрасынын доценттери Б.Наралиева, Д.Мысакулов катышып, студенттерге практиканын жаӊы талаптары  жөнүндө айтып, өндүрүштүк практиканын күндөлүгүн толтурулушун түшүндүрүп беришти.

(С) Жаңыбаева Майрам – окуу иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий