2023-жылдын 25-26-сентябрында Казахстандын Усть-Каменогорск шаарындагы Д.Серикбаев атындагы Чыгыш-Казахстан техникалык университетинде «Казахстандагы жана чектеш аймактардагы этнодемографиялык процесстер» аттуу эл аралык XXII илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын атынан Ж. Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чɵлкɵм таануу институтунун чɵлкɵм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, т.и.д., профессор Омурова Ж.О. катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен Д.Серикбаев атындагы Чыгыш-Казахстан техникалык университетинин ортосунда илим жана билим берүү багытында кызматташуу жɵнүндɵгү келишимге кол коюлду.

Добавить комментарий