2023-жылдын 27-сентябрында география, экология жана туризм факультетинин туризм жана рекреациялык география кафедрасы 30-жылдык мааракесин жана Эл аралык туризм күнүн белгиледи.

Жыйынга университеттин  мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Садык Алахан, “Хаят Риженси” мейманканасынын, “Кыргыз Концепт” жана “Этнотревел” турифирмасынын жетекчилери жана 2011-2022-жылдары факультетти бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр куттуктап келишти. Бүтүрүүчүлөр кафедрага ыраазычылык катары белектерди жана таттууларды тапшырышты. Алыскы чет өлкөдө жүргөн кафедранын бүтүрүүчүлөрү видео куттукттоо жөнөтүп, агай-эжелерге алкыш айтышып, өз саламдарын жолдошту.

Кафедранын активдүү студенттери эсте калаарлык кызыктуу ыр-бий жана сценкалар коштолгон концерт даярдашты.

Мааракенин алкагында Эл аралык туризмдин мааниси тууралуу жана 30 жыл аралыгында кафедранын өнүгүп-өсүшү тууралуу слайд көрсөтүлдү. 

Салтанаттуу бөлүк аяктаган соң, туризм жана рекреациялык география кафедрасынын жамааты азыркы студенттери жана конок болуп келген бүтүрүүчүлөрү менен биргеликте сейил паркка барып тамактанып, эстафета, оюн-зоок ойношуп, эс алып кайтышты.

Добавить комментарий