И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун жалпы окутуучу-профессордук курамы институттун директору Рахат Сулайманованы 13.00.01 – “Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы” адистиги боюнча “педагогика илимдеринин доктору” илимий даражасынын Улуттук аттестациялык комиссия тарабынан бекитилиши менен чын дилден куттуктайт!  

Урматтуу Рахат Токтогуловна, илимий бийиктиктерди дагы да багындыра бериңиз!

* * *

Институт жамааты о.э. мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүүнүн технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Асылгүл Жуматаеваны 2023-жылдын 29-сентябрында 13.00.01 – “Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы” адистиги боюнча  “педагогика илимдеринин кандидаты” илимий даражасын изденип алуу үчүн Д 13.20.662 диссертациялык кеңешинин жыйынында илимий диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен куттуктайт!

Урматтуу Асылгүл Сарынжиевна, сизге чың ден соолук жана албан ийгиликтерди каалайбыз!

Добавить комментарий