2025-жылдын 12-февралында “Түркологиялык окуулар – II” лекциялар сериясынын 5-отурумунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору, кыргыз тарыхчысы, журналист, Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык академиянын мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегин университетибиздин санарип борборунда өнөктөш университеттердин окутуучулары, жаш изилдөөчүлөрү, магистрант жана студенттери үчүн “Профессор Ю Тайшандын байыркы кыргыз тарыхы боюнча маалыматтары жана жалпы түрк тарыхы” темасында лекция окуду.
Лекция адаттагыдай расмий ачылыш, негизги бөлүк, суроо-жооп жана жабылыш сыяктуу бөлүктөртөн турду. Алгач модератор, түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к., доц. Бурул Элебесова конок лекторду тааныштырып, катышуучуларга “Окуунун” жүрүшү боюнча жалпы маалымат берди. Андан соң, расмий бөлүктө университетибиздин илимий иштери боюнча проректору геог.и.д., проф. Мирлан Дылдаев, Кыргыз филологиясы факультетинин деканы, ф.и.к.,доц. Бактыбек Жайлообаевдер куттуктоо сөзүн айтып, ыраазычылыктарын билдиришти.
Негизги бөлүктө лектор проф. Т.Чоротегин алгач түркология, тарых, жалпы түрк тарыхы жана кыргыз тарыхы боюнча кыскача түшүндүрмө берип өттү. Кыргыз тарыхын изилдөөдө чет өлкөлүк окумуштуулардын арасына Бээжиндик профессор Ю Тайшандын эмгектеринде кыргыз тарыхы боюнча кеңири маалымат берип, ал эмгектерди иллюстрациялык сүрөттөр менен презинтация менен талдап берди. Муну менен катар жалпы түрк тарыхынын алкагында маанилүү этаптар, эстеликтер, жасалган илимий изилдөөлөр боюнча жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөргө кеңири токтолду. Кыргыз тарыхынын, жалпы түрк тарыхынын өнүгүшүндө өзгөчө орду бар экендигин баса белгиледи. Кыргыз тарыхын изилдөөдө заманбап тенденциялар жана дилетанттык көз караштар, идеологиялык бурмалоолорго токтолду. Орто Азия элдеринин, ошондой эле боордош тектеш элдеринин тарыхы комплекстүү изилдениши зарылдыгына жана анын себептерине токтолду. Угуучуларга бул багытта суроо узатты. Катышуучулар лектордун пикирине үндөш көз караштарын билдирди. Негизги түркологиялык адабияттар, илимий методологияларга кайрылып, сунуштарын бөлүштү. Лекцияны толук түрк тилинде баяндап берди.
“Окуунун” суроо-жооп бөлүгүндө, катышуучу өнөктөш университеттердин координаторлоруна сөз берилди. Бул бөлүктү бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаева алып барды. Ал лекторго ыраазычылыгын билдирип, лекциянын окуу процессинде, илимий өңүттө, маданий жаатта жана түрк элдеринин интеграциясында өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеп, алгачкы сөздү Түркиялык кыргыздардын өкүлү Дижле университетинин ага окутуучусу, др.Абдулмукаддес Кутлу мырзага жана Нигде Өмер Халисдемир университетинин доценти Медер Салиевге берди. Окумуштуулар кыргыз тилинде лекция боюнча жылуу пикирлерин билдиришти. Андан кийин Азербайжан мамлекеттик педагогика университетинен Егана Кахраманова, Кавказ университетинен Илкин Гулусой жана жаш окумуштуулар, жана жыйын залындагы студенттер өз ойлорун айтып, баяндама үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Модератор лекторго, жалпы катышуучуларга “Окуунун” 5-отурумуна жигердүү катышып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, кийинки илимий-иш чараларга, долбоорлорго чогуу катышуу сунушун айтты.
Кийинки акыркы “Окуу” 2025-жылдын 17-февралына белгиленген.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы ф.и.к.,доц.






