2025-жылдын 12-февралында Бишкек шаарындагы Эл аралык жогорку медициналык мектебинде “Жогорку окуу жайларында кыргыз тилин чет тил катары окутуунун маселелери” аталышындагы кереге кеңеш өттү.

Аталган иш чарага мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, ф.и.к, профессор Г.К.Осмоналиева, кафедранын доценти, п.и.к. Д .К.Кулбачаев жана ага окутуучу  Н.С.Алмерекова  катышышты.

Кереге кеңештин негизги максаты:

1. Кыргыз тилин чет тили катары окутуунун проблемаларын көтөрүп талкуулоо.

2. Жогорку окуу жайлардын кафедра башчыларын, окутуучуларын бириктирип жумушчу топ түзүү жана бирдиктүү программаны иштеп чыгуу.

3. Аталган темага тажрыйба алмашуу жана келечектеги иштерди пландаштыруу.

Кереге кеңешке – ЖЭАММ ректору, профессор С.М.Ахунбаев, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышты.

 Иш чаранын  аягында жыйынтыктоочу резолюция кабыл алынды.

(С) Г.К. Осмоналиева – факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий