2025-жылдын 13-февралында башкы имараттагы кичи жыйындар залында аралык күнүнө” карата эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети тарабынан Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына жана “21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө” карата “Улут болсом – тилим менен улутмун” аттуу адабий кече өткөрүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев катышып, студенттерге жалпы тилдин дүйнөлүк мааниси жана кыргыз тилинин өзгөчөлүгү тууралуу сөз сүйлөдү.
Адабий кечеде студенттер өз өнөрлөрүн тартуулап, акындардын тилге арналган ырларын көркөм окушту, кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган кыскача сценкаларды жана монологдорду аткарышты, мекенчилдик духтагы ырларды ырдап, “Кыргыз бийин” бийлешти.
Ректордун 2025-жылдын 30-январындагы №58-буйругунун негизинде факультеттин доценти, филология илимдеринин кандидаты Жеңишгүл Абдырасулова тарабынан даярдалган адабий кече жогорку деңгээлде өттү.
(С) Абдырасулова Жеңишгүл – эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин доценти, ф.и.к.