2023-жылдын 28-сентябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков журналистика жана коммуникация институтунун студенттери менен жолугушту.

Ал журналистиканын азыркы коомдогу ролу, мамлекеттин маалыматтык саясаты, маалыматтык коопсуздук маселелери, сөз эркиндиги жана КР Президенти Садыр Жапаровдун билим берүү, илим багытындагы жаңы демилгелери, жаштардын коомдогу орду, журналистикадагы жаңы талаптар ж.б.у.с. маселелер боюнча баяндама жасады. Аталган маселелер студенттердин кызыгуусун жаратып, баяндамадан кийин эркин пикир алмашуу орун алды.

Андан соң, жолугушуу суроо-жооп ирээтинде уланып, студенттер Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин журналистикадагы жолу жана тажрыйбасы тууралуу кызыккан суроолорун беришти. Дайырбек Орунбеков студенттердин берген суроолору актуалдуу, орчундуу маселелердин тегеринде болуп жатканын белгилеп, алардын дасыккан журналисттер көтөрүп келе жаткан көйгөйлөргө кайдыгер карабай, ой калчап жаткандарына ыраазычылык айтып, Улуттук университетте зирек, таланттуу, мекенчил жаштар окуп жатканына жана кыргыз журналистикасынын уучу кур эместигине ишенгенин билдирди. 

Жолугушуунун журүшүндө сөз сүйлөгөн КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов мындай жолугушуулар студенттердин акыл көрөңгөсүн эле байытпастан, алардын келечегине шык, дем берээрин белгилеп, жыш иш графигинен убакыт таап, Улуттук университетке келип, жаш журналисттер менен жолугушканы үчүн Дайырбек Орунбековго чоң ыраазычылык билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк сөз эркиндигин ар бир жаран чоң жоопкерчилик катары туюп, мамлекеттин маалыматтык саясатын, коомдук аң-сезимди туура калыптандыруудагы журналисттердин ролу эбегейсиз чоң экенин белгиледи.  

Добавить комментарий