2025-жылдын 22-январында “Түркологиялык окуулар – II” лекциялар сериясынын 4-отуруму Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан уюштурулуп, бул отурумдун лектору Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин филология факультетинин деканы, профессор, доктор Жулибой Элтазаров мырза болду. Ал “Түрк тилин чет тили катары окутуу салтынын калыптануусунда Алишер Навоинин орду” аталышындагы тема боюнча баяндамасы менен катышты.
Лекциянын максаты — түрк тилин чет тили катары окутуудагы тарыхый шарттарды, Алишер Навоинин фарс жана түрк тилдеринин ортосундагы тилдик байланыштардагы факторлорду эске алуусу, доордун тил үйрөтүү жана өзгөчөлүгү, анын бүгүнкү усул-ыкмалардын калыптанышындагы орду боюнча толук маалымат берүү, талдоо. Лектордун айтуусу боюнча улуу түрк ойчулдарынын бири Алишер Навоинин чыгармалары жалпы түрк жана чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты жана тили адабиятын окуп, изилдеп-үйрөнүүдө эбегейсиз чоң көркөм жана илимий мурас болуп эсептелет. Түркологиялык теориялык жана практикалык методологиясынын негизин түзүүдө ролу жана орду бүгүнкү күндө дагы көөнөргүс булак катары сакталып келе жаткандыгына токтолду.
“Түркологиялык окуулардын” 2-сериясынын максаты Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандык окумуштуу-илимпоздор, коомдук ишмерлер менен түрк тектүү элдердин тили, адабияты, тарыхы жана маданиятынын актуалдуу маселелери боюнча «Лингвистика (түрк тилдери)», «Филология (түрк)», «Чыгыш тилдери», «Азыркы түрк тилдери жана адабияты, түркология», «Тарых», «Котормо жана котормо таануу», «Чөлкөм таануу (Орто Азия, Кавказ)» багыттарында билим алып жаткан бакалавриат, магистратура, докторантуранын студенттери жана жаш илимпоздор менен пикир алышуу платформасын түзүү.
Иш-чаранын катышуучулары: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын өнөктөш 15 университетиндеги окумуштуу-илимпоздор, жаш изилдөөчүлөр жана студенттер. Жалпысынан 100дөн ашуун катышуучу катталды.
Окуунун 4-отуруму расмий ачылыш, лекция жана пикир алышуу сыяктуу 3 бөлүктөн туруп, ТКТБнын бөлүм башчысы, доц. Бурул Элебесова алып барды. Алгач лекторду тааныштырып, кызыктуу баяндамасы менен илимдеги жана түркологиядагы жаңылыктарды ортого салуу үчүн университетибиздин сунушун жылуу кабыл алып, убакыт бөлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип “Окуулардын” 4-отурумун ачып, лекторго ыраазычылык билдирип, университетибиздин Ш.Рашидов Самарканд университети менен окуу, илимий, маданий алакалардын университеттер аралык келишимдин негизинде мыкты деңгээлде жүргүзүлүп жаткандыгына, Окутуучулук курамдын тажрыйба алмашуу жаатында жигердүү иш-аракеттердин натыйжаларын көрсөтүп жаткандыгын, студенттер мобилдүүлүк боюнча алмашыууга катышып, жакшы жыйынтыктар менен кайтып келип жаткандыгын жана илимий иш-чараларга катышуу дагы жолго коюлгандыгын баса белгиледи.
Андан соң лектор проф. Жулибой Элтазаров мырзага сөз берилип, Түркологиядагы Алишер Навоинин орду, чыгармаларынын жазма булактар катары маани-маңызы, түрк тилин окутуп үйрөтүүдөгү салттуулук жана анын азыркы окутуу ыкмаларынын түптөлүшүндөгү ролу тууралуу кеңири баяндама жасады.
ТКТБнын башчысы ф.и.к., доцент Бурул Элебесова “Түркологиялык окуулардын” ийгиликтүү өтүп жаткандыгына лекторлор, өнөктөш университеттердин координаторлорунун эмгектери зор экендигин белгиледи. Ошону менен бирге жалпы уюштуруучу жамааттын атынан ыраазычылыгын билдирип, боордош, канатташ, өзбек, элинин тили, адабияты, маданияты жалпы Түрк элдерин таанып билүү, окуп үйрөнүү, изилдөөдөгү негизги булактардан экендигин белгилеп өттү.
Андан кийинки суроо-жооп бөлүгүндө Азербайжан мамлекеттик педагогика университетинен Егана Кахраманова, Дижле университетинен Абдулмукаддес Кутлу, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык кыргы-түрк институтунан Элмира Хурибаева, Кавказ университетинен Конул Гулусой өндүү окумуштуу-изилдөөчүлөр жалпы уюштуруучуларга, лекторго терең ыраазычылыктарын билдиришти. Муну менен бирге сүйлөшүү учурунда сунуш катары лектор тарабынан дагы, катышуучу, координаторлор тарабынан “Түркологиялык окуулардын” масшабынын мындан дагы кеңейиши, жайылтылышы керектигин, аны менен катар академиялык мобилдүүлүк, илимий орток иш-чаралардын уюштурулушу максатка жана мезгилге ылайык экендигин белгилешти. Түрк мамлекеттеринин университеттеринин уюмунун дагы бул жаатта активдүү иш алып баруусу зарылдыгын айтышты. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин көрөңгөлүү университет катары бул ишти колго алгандыгы жана жетекчиликтин активдүү кызматташтыкка чакыруусу өнөктөш университеттердин дагы миссиясына төп келе тургандыгын баса белгилеп өтүштү.
Андан кийин модератор Бурул Элебесова университеттин жетекчилигинин илимий коомчулугу жана Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн атынан лекторго, координаторлорго жана аталган “Окуну” уюштурууга салымын кошкон бөлүмдүн улук окутуучусу Фаризат Курамаевага ыраазычылыгын билдирип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалап кезектеги 4-окууну жыйынтыктады.
Кийинки “Окуу” 2025-жылдын 29-январына белгиленген.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы ф.и.к.,доц.



