2023-жылдын 27-сентябрь күнү кесиптик колледждин котормо иши бөлүмүнүн туризм багытында окуган 1-курс студенттери бөлүм башчысы Н.К.Куртубаева жана окутуучу А.Т.Юсупова менен биргеликте Эл аралык туризм күнүнө карата Улуттук тарых музейине барышты.

Студенттер музейдеги экспонаттар менен таанышып, өздөрүнө эстетикалык, руханий, байлык топтой алышты. Аларга музей экспонаттарын өз көздөрү менен көрүп, жакындан таанышуу кызык болуп, иш чара өзгөчө пайдалуу, таасирлүү болгонун белгилешти.

(С) Асель Юсупова – котормо иши болумунун окутуучусу

Добавить комментарий