2023-жылдын 22-сентябрында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тили – улуттун үнү” аттуу  салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Жыйынга институт директору Рахат Сулайманова, профессор Нурсапар Мааткеримов, педагогикалык колледждин жетекчиси Мирбек Шарабидинов жана мугалимдер катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Салтанаттуу иш чара студенттер тарабынан даярдалган майрамдык видеопрезентация, театралдаштырылган постановка, мекенчилдик темасындагы ырлар, көркөм окуулар менен коштолду.

Мекендештерди, жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-Мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Добавить комментарий