2024-жылдын 26-декабрында юридикалык колледждин жамааты жаңы жылдык кече жана сыйлоо аземин уюштурду. Иш чарага ректор Догдурбек Чонтоев чакырылып, колледждин жамаатына куттуктоо сөздөрүн айтты жана сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлыкка ээ болгондор:

  • Зикиралиева Кайыргүл Спартаковна – Жогорку Кенештин ыраазычылык каты;
  • Медетов Максат Бектурсунович – Жогорку Кенештин ыраазычылык каты;
  • Мамбеталиева Асель Асылбековна – Жогорку Кенештин ыраазычылык каты;
  • Коңурбекова Гульнура Нурдиновна – Жогорку Кенештин ыраазычылык каты;
  • Арзыматова Элиза Бактыбековна – Жогорку Кенештин ыраазычылык каты;
  • Бардыбаева Нуржана Куванычбековна – Жогорку Кенештин ыраазычылык каты;
  • Абдырасулова Бермет Токтомбаевна – Социалдык фонддун «Кызматташтыкты бекемдегени үчүн» медалы;
  • Макаева Дамира Эркинбековна – Социалдык фонддун «Кызматташтыкты бекемдегени үчүн» медалы;
  • Жакшылыкова Асель Чаткалбаевна – КУУнун Ардак грамотасы;
  • Сүйүмбаев Р.Т. – КУУнун Ардак грамотасы.

Жыйында юридикалык колледждин директору Данияр Джумалиев сөз сүйлөп, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин медалын жана колледждин ыраазычылык каттарын тапшырды.

Баткен жоокерлеринин Республикалык комитетинин медалы:

  • Шингибаева Кымбат Бакытовна
  • Акматова Назгуль Анарбековна.

Колледждин ыраазычылык каты:

  • Зилалиева Алтынгул Каныбековна
  • Аскаралиева Ширингуль Аскаралиевна
  • Уланбеков Эргелди Уланбекович
  • Махмудов Сыймык Махамаджанович
  • Шамыратов Тилек Рыскулович
  • Мавлянова Эльнура Уткирбековна
  • Жумалиева Эмина Нурбековна.

Кече Улуу Тоо ресторанында өткөрүлдү. ПЦКлар тарабынан атайын номерлер даярдалып, конкурстар уюштурулду. Өзгөчөлөнгөн командаларга дирекциянын атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары катышуучуларга белектер берилди.

Жаңы жылдык кече колледждин жамаатына жагымдуу маанай тартуулап, маанилүү окуя болуп калды.

(С) Харсан Тумаров – директордун орун басары

Добавить комментарий