Математика жана информатика институтунун жалпы жамааты доцент Бактияр Рахманкуловду өткөн кылымдын көркөм сөз чебери,өз калеми аркылуу тынчтыкты чыңдоого,эл аралык мамилелерди бекемдөөгө бараандуу салым кошуп келген көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер,ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүнө саякат жасап, анын чыгармаларын өсүп келе жаткан жаш муундарга тереңирээк таанытуу үчүн олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн “Чыңгыз Айтматов” орденине ээ болушу менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чың ден соолук, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.
Калифорния Эл аралык индустрия, Казакстан мамлекетинин Экология университеттеринин, МАТЭМ эл аралык академияларынын академиги, КРнын Аксакалдар кеңешинин Төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков сыйлоо азаменин соңунда, Бактияр Рахманкуловго мындан ары да үзгүлтүксүз түрдө өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке, эне тилин сүйүүгө жаштардын чыгармачылык изденүүсүн күчөтүүгө дайым жол көрсөтүп, үзүрлүү эмгектенүүсүнө тилектеш экендигин билдирди. Ал о.э. жаштар Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларын окуп, алардын негизинде тартылган тасмаларды көрүп, өзгөчө эргүү, башкача толкундануу сезимине чулганып, алар үчүн өтө зор таасир тийгизген эмгек экенин баса белгилеп, мындан ары да Ч.Айтматовдун чыгармалары менен жашоо уланарын сыймыктануу менен айтты.
Чыңгыз Айтматов агайыбыз өз чыгармалары аркылуу кыргыз элин дүйнөгө таанытып, анын эмгектери элдин эсинде түбөлүккө сакталат десек жаңылышпайбыз.
(С) Фархат Назарбаев – профбюронун төрагасы, ага окутуучу


