2024-жылдын 21-декабрында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун студенттери Жанара Талгарбекова, Айпери Хабибиллоева жана Мээрим Амангулова Казакстандын Нурсултан шаарында “Bilim Orkenieti” Улуттук инновациялык илимий изилдөө борбору уюштурган  «КМШнын мыкты студенти» аттуу эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү болушту.

Сынакка КМШ өлкөлөрүнөн алты мамлекеттин мыкты студенттери катышып, ар бир катышуучу өзүнүн билимин, илимге болгон кызыгуусун, чыгармачылыгын жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Казак улуттук өнөр университетинин орган залында өткөн салтанаттуу сыйлоо аземинде биздин студенттер I даражадагы диплом,  статуэтка (ардак белги), күбөлүк жана төш белги менен сыйланышты.

Иш чаранын алкагында КМШ өлкөлөрүнөн барган студенттер үчүн атайын экскурсия уюштурулуп, алар Казакстан Республикасынын Президентинин музейине барышты жана Казакстандын тарыхы, улуттук баалуулуктары жана заманбап өнүгүү жолдору менен жакындан таанышышты.

И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин жалпы жамааты жеңүүчү студенттерибиздин жетишкендиктерине терең сыймыктануу менен, аларга мындан ары дагы чоң ийгиликтерди каалайт!

 Биздин окуу жайдын атын эл аралык деңгээлде даңазалап, өлкөбүздүн билим берүү деңгээлин жогорулатууга салым кошкон студенттерибиздин ар бир жетишкендиги биз үчүн өзгөчө баалуу жана маанилүү.   

(С) Айсулуу Эгамбердиева – директордун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий