Тарых жана чөлкөм таануу институтунун чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын студенттери жана окутуучусу, тарых илиминин кандидаты Жантелиева Нурзада чоң жетишкендикке жетишти. Алар Чыңгыз Айтматовдун мамлекеттик ишмердүүлүгүнө, руханий мурастарына, үй-бүлөлүк баалуулуктарына жана Кара-Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 100 жылдыгына арналган республикалык ЖОЖдор аралык конкурста байгелүү 2-орунду багындырышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенттик иш башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Сынакта РК-(б)1-23 тайпасынын 2-курсунун студенттери өз билимин жана чыгармачылыгын көрсөтүп, 2-даражадагы диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Бул ийгилик студенттердин жана окутуучулардын профессионализмин жана талыкпаган эмгегин айкындап турат. Аларга мындан аркы ишмердүүлүгүндө дагы чоң жетишкендиктерди каалайбыз!
(С) Жантелиева Нурзада – чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын окутуучусу
Автордун стилистикасы сакталды


