2024-жылдын 27-декабрында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Света Кабылова “Информатиканы окутуунун теориясы жана методикасы курсун окутууда студенттердин изилдөөчүлүк компетенттүүлүктөрүн калыптандыруунун технологиясы” деген темада 13.00.02 – Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (информатика жана билим берүүнү маалыматташтыруу) адистиги боюнча педагогика илимдеринин кандидатык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.
Бул диссертацияда билим берүүнү маалыматташтыруу жана заманбап билим берүү технологияларын натыйжалуу колдонуу аркылуу студенттердин изилдөөчүлүк компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу үчүн инновациялык ыкмалар сунушталган. Изилдөө жогорку кесиптик билим берүүдө окутуунун натыйжалуулугун арттырууга багытталып, заманбап билим берүү технологиялары менен шайкеш келери белгиленген.
Илимий жетекчиси – п.и.д., профессор Салидин Калдыбаев жана оппоненттер изилдөөнүн жогорку илимий деңгээлин, теориялык негиздүүлүгүн жана практикалык колдонмолорунун баалуулугун белгилешти.
Света Кабылованы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргошу менен чын жүрөктөн куттуктап, педагогикалык ишмердүүлүгүндө жана илимий изилдөөлөрүндө мындан аркы чоң жетишкендиктерди каалайбыз.
(С) Айсулуу Эгамбердиева – ПКМДИнин директорунун илимий иштер боюнча орун басары



