2024-жылдын 2 -10-ноябрында ф.и.д., кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Г.Жаманкулованын “Алтай тектүү элдердин цивилизациясы” аттуу эмгеги 41-Стамбул китеп жарманкесине катышты (Istanbul Book Fair 2024).
2024-жылдын эң чоң жана маанилүү китеп иш-чараларынын бири болгон жарманке Стамбулдун Tüyap Fair Convention and Congress Center эң чоң көргөзмө комплексинде болуп өттү.
1982-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат көргөзмөгө Түркия, Азербайжан, Россия, Нигерия, Шри-Ланка, Греция, Германия, Албания жана Өзбекстандын басмаканалары катышты, дээрлик 511 миң киши келди.
Көргөзмөгө Россиянын Табигый илимдер академиясы (РАЕ) катышып, Россиянын жана КШМ өлкөлөрүнүн илиминин өнүгүшүнүн азыркы тенденцияларын чагылдырган илимий жана окуу-методикалык басылмаларды сунуштады.
РАЕ президиумунун чечими боюнча окуу жана илимий эмгектердин актуалдуулугу, илимий жана педагогикалык маанилүүлүгү эске алынды. Г.Жаманкулованын “Алтай тектүү элдердин цивилизациясы” деген эмгеги жарманкеге коюлду жана китептин аннотациясы 41-Стамбул эл аралык жарманкенин каталогуна кирди.
(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, ф.и.д., профессор


