КУУнун окутуучу-профессорлук курамынын жана кызматкерлеринин публикациялык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында EBSCO компаниясы окутуп жаткан онлайн вебинарлар сериясын жыйынтыктады.

Вебинарлар  2024-жылдын 11-27-декабрына чейин болуп, төмөндөгү темаларды ичине камтыды:

  • платформадагы дүйнөлүк басмаканалардын илимий электрондук журналдарынын жыйнактары. Бардык мүмкүнчүлүктөрдү алуу жана пайдалануу.
  • санарип доорундагы китепканачылардын кесиптик компетенциялары.
  • EBSCOhost® инструменттери, аларды илимий эмгектерди жазууда пайдалануу.
  • дүйнөнүн эң белгилүү басмаканаларынын электрондук китептерине каалаган убакта, каалаган жерден кирүүгө мүмкүнчүлүк.
  • медициналык ресурстар жөнүндө. Илимий медициналык журналдардын коллекциялары, медициналык анимациялар жана иллюстрациялар жыйнагы, далилдүү медицинага негизделген DynaMed ресурстары.
  • чөнтөк китепкана же EBSCO мобилдик тиркеме жөнүндө бир нече сөз.
  • дүйнөлүк деңгээлдеги макалаларды даярдоонун куралы катары EBSCO нун электрондук ресурстары.
  • EBSCO Discovery Service VS Google Scholar – издөө мүмкүнчүлүктөрүн салыштыруу. Илимий басылманы даярдоодо EBSCO Discovery Service колдонуунун артыкчылыгы.

Вебинардын катышуучулары сертификаттарды алышты.

(С) Рашитова А.Ж.илим бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий