Математика жана информатика институтунун интернет технологиялар жана башкаруу окуу программасынын жетекчиси,профессор Бактыбай Аблабеков  2024-жылдын 23-24-декабрь күндөрү Ташкент шаарында окумуштуу-математик, дифференциалдык теңдемелер жана механиканын математикалык маселелери боюнча адис, Өзбек Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, академик Тухтамурад Джураевдин 90 жылдыгына арланган Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университетинде өткөн “Математикалык физиканын классикалык эмес теңдемелери жана анын колдонулуштары” аталышындагы дүйнөнүн төрт тарабынан илимпоздорду топтогон чоң маштабдуу эл аралык илимий конференцияга катышып, “Псевдогиперболалык теңдемелер үчүн булак функциясын аныктоо үчүн тескери маселеси” темасында баяндама жасады.

Бактыбай Сапарбекович өз баяндамасында псевдогиперболалык теңдемелер үчүн түз жана тескери маселелер жана алардын прикладдык колдонулуштары боюнча кеңири маалымат берди.

Илимий доклад математикалык физиканын тескери маселеси багытында болуп, АКШ, Болгария, Россия жана башка өлкөлөрдөн келишкен окумуштуулар арасында зор кызыгууларды жаратып, берилген суроолорго так жооптор берилди.

Жыйындын соңунда, аталган тармак боюнча кесипкөй адис, профессор А.И.Кожанов жетектеген Россиялык математик-профессорлор А.П.Солдатов, С.Г.Пятковдор менен мындан ары да илимий (илимий-изилдөө) ишмердүүлүк жаатта кызматтык маселелерди өркүндөтүү жөнүндө сөз болду.

Баардык делегаттар ӨУУнун информациялык ресурстары жана китепканын материалдары менен камсыз болушуп, алар үчүн Ташкент шаарына саякат уюштурулду.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий