2024-жылы 21-декабрында жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти менен өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн курамы биргеликте “Күн сыйла” кайрымдуулук акциясын өткөрүп, “Балдарды коргоо” борборуна таттуу белектерди жана канцелярдык буюмдарды алып барышты жана ал жердеги кичинекей бөбөктөрдү келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, чакан концерт коюп, жаркын маанай тартуулап келишти.

Бөбөктөрдүн көңүлү көтөрүлүп, Улуттук университеттин жаштарына ыраазычылык билдиришти. Биз силерге бекем ден соолук каалайбыз, кичинекей достор!

(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий