2024-жылдын 25-декабрында 31-декабрда белгиленүүчү “Дүйнө азербайжандарынын тилектештик күнүнө” карата түркология жана котормо таануу бөлүмү тарабынан уюштурулуп жаткан “Түркологиялык окуулар – II” лекциялар сериясынын алкагында “Түрк дүйнөсүндө Азербайжан: тил, адабият жана маданият” аталышындагы кезектеги окуу Азербайжандагы “Ататүрк” борборунун мүдүрү, Азербайжан улуттук илимдер Академиясынын корреспондент-мүчөсү, Азербайжан илимине эмгек сиңирген ишмер, Азербайжан Республикасынын парламентинин II – VI чакырылыштарынын депутаты, белгилүү түрколог-тилчи, акад.,проф. Низами Жаферовдун катышуусунда ишке ашты.

Мурда белгиленгендей, атаоган окууларга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркиянын өнөктөш 15 университетиндеги окумуштуу-илимпоздор, жаш изилдөөчүлөр жана студенттер катышышты. Жалпысынан 100дөн ашуун катышуучу катталды.

Окуунун 3-отуруму расмий ачылыш, лекция жана пикир алышуу сыяктуу 3 бөлүктөн туруп, ТКТБнын улук окутуучусу Фаризат Курамаева алып барды. Алгач лекторду тааныштырып, кызыктуу лекция илимдеги жаңылыктарды ортого салуу үчүн сунушту кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Жыйын залында катышып отурган бөлүмдүн курамын, ардактуу коноктор, анын ичинде Кыргызстандагы Азербайжандыктардын “Бирлик” коомдук бирикмесинин жетекчиси Хансывар Бахшалиевди тааныштырып, ага сөз берди. Муну менен бирге 31-декабрь “Дүйнө Азербайжандарынын тилектештик күнү” менен куттуктады. Жалпы катышуучуларга Кыргызстандык Азербайжандардын атынан ыраазычылык билдирип, “Окуунун” ийиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди.

Андан соң Лектор акад., проф. Низами Жаферовго сөз берилип, Азербайжан тилинин тарыхы, өнүгүшү, жазма булактар, көркөм адабият жана маданиятынын өзгөчөлүгү тууралуу кеңири баяндама жасады.

Андан соң ТКТБнын башчысы ф.и.к., доцент Бурул Элебесова “Түркологиялык окуулардын” ийгиликтүү өтүп жаткандыгына лекторлор, өнөктөш университеттердин координаторлорунун эмгектери зор экендигин белгиледи. Ошону менен бирге жалпы уюштуруучу жамааттын атынан ыраазычылыгын билдирип, боордош Азербайжан элинин тилин, адабиятын, маданиятын окуп үйрөнүү, изилдөө бөлүмдөгү актуалдуу маселелерден экендигин белгилеп өттү.

Андан кийин Фырат университетинен Эржан Алкайа, Кавказ университетинен Илкин Улусой,  КТУ “Манас” университетинен Рахат Аскарова, Шароф Рашидов Самарканд мамлекеттик университетинен Рохила Рузманова, Дижле университетинен Абдулмукаддес Кутлу, Азербайжан мамлекеттик педагогика университетинен Егана Кахраманова, сыяктуу окумуштуу-изилдөөчүлөр жалпы уюштуруучуларга, лекторго терең ыраазычылыктарын билдиришти. Муну менен бирге ушундай форматтагы жолугушуулар, маектер жанданып, жакынкы аралыкта Түрк Дүйнөсүнүн тилектештик  күнүнүн белгиленишине өбөлгө түзөрүн баса белгилешти.

Андан кийин модератор Фаризат Курамаева жеке ыраазычылыгын билдирип жалпы катышуучуларга, лекторго ыраазычылыгын билдирип, келе жаткан Жаңы жылдары менен куттуктап, “Окууну” жыйынтыктады.

Кийинки “Окуу” 2025-жылдын 22-январына белгиленген. 

(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы ф.и.к.,доц.

Добавить комментарий