2024- жылдын 23-декабрь күнү №6-окуу имаратындагы №126-дарсканада математика жана информатика институнун “Жаңы муун” дебаттык клубунун демилгеси менен 1-3-курстар арасында “Чыңгыз Айтматов: Улуу жазуучунун мурастары” аттуу интелектуалдык таймаш өткөрүлдү. Жаштардын ой өрүшүн өркүндөтүп, ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсүнө саякат жасап, анын чыгармаларын тереңирээк таану үчүн уюштурулган иш-чарага “Турналар”, “Ак-кеме”, “Айтматов изи”, “Обон” жана “Билерман” командалары  катышты.

Оюндун 1-турунда Айтматовдун өмүр баяны жана маанилуу учурлары тууралу суроолор берилип, 2-турунда жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр берилип, анын маңызы тууралуу кыскача түшүндүрүү болсо, 3-турунда “Каарманды тааны” темасында суроолор берилди.

Финалдык беттеште жеңүүчү эки команда беттешип, кыйын суроолор менен коштолгон “Блиц-раундда” таймашышты.

Студенттер бул иш-чара институттун активдүү студенттерин бир аянтчага чогултуп, алардын тажрыйба жана идея алмашуусуна шарт түзгөн пайдалуу жолугушуу болушун баса белгилешти.

Мелдештин жыйынтыгында 64 балл менен “Обон” командасы 1-орунду ээлесе, “ Айтматов изи” командасы 2-орунду, “Ак-кеме” командасы 3-орунду ээлешти.

Иш-чаранын соңунда калыстар тобу байгелүү орундарга ээ болгон командаларды жана активдүү катышкан студенттерди ардак громаталар менен сыйлады.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий